Патрулдук милиция айдоочуларды кайрадан себепсиз токтотобу? (видео)

2574

Жол сакчылары тарабынан мурдагыдай унааларды эч себепсиз токтотуп, опузалап акча талап кылуу, айдоочуларды кемсинтүү башталышы мүмкүнбү? Бир катар жарандык активисттер дал ушундай кооптонуулар бар экенин айтып чыгышууда. Буга кечээ жакында эски ыкманын кайра киргизилиши себеп болду. Ага ылайык, Жол кыймылын көзөмөлдөгөн инспекторлор эми унааларды таякча менен токтото алышат.

Тиешелүү министрлик мындай чечим жол кырсыктарынын кескин өсүп жаткандыгына байланыштуу алардын санын кыскартуу максатында гана кабыл алынганын билдирүүдө. Анан да жол эрежесин одоно бузган айдоочуларды кол менен жаңсап токтотуу инспекторлорго ыңгайсыздыкты жаратып келиптир.