Патрулдук милиция кызматы кайрадан түзүлөт (видео)

1011

Патрулдук милиция кызматы кайра түзүлө турган болду. Бул демилге жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча стратегиянын алкагында ишке ашат. Документти даярдаган эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов президент Сооронбай Жээнбековго маалымат берди. Реформаны жүзөгө ашыруу 3 этап менен ишке ашып, Патрулдук милицияга мурда бул системада иштебеген адамдар көбүрөөк алынат экен.

Мамлекет башчы менен жолугушууга эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен бирге коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да катышты. Сооронбай Жээнбеков ага тапшырма берип, тиешелүү мекемелерди реформаны ишке ашырууну көзөмөлдөөгө жана анын аткарылышына катышууга милдеттендирүүнү тапшырды.