Патрулдук милиция ушул жылдын 1-сентябрынан тарта ишке кирет

1381

Кайрадан түзүлүп жаткан Патрулдук милиция ушул жылдын 1-сентябрынан тарта ишке кирет. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, учурда кайра жандандырыла турган кызматтын материалдык-техникалык базасы түзүлүп жатат.

Күзгө чейин штат куралып, кызматкерлер жаңы форма жана кызматтык унаалар менен камсыздалат. Муну ишке ашыруунун алгачкы этабында Кайгуул милициясы Бишкек шаарында гана иштейт. Алардын айлык маянасы 25 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Патрулдук милиция биринчи жолу ачылып жаткан жок. 3 жыл мурда эле мындай кызмат түзүлүп, бирок натыйжалуу болбогондуктан бир жылдан кийин жабылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.