Патрулдук милиция жоюлду (видео)

1014

Аткаруу бийлиги аварияларды алдын-алуу боюнча саясий чечим кабыл алды. Кыргызстанда жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлордун саны көбөйөт. Бирок канчага экени — жашыруун. Жаны түзүлгөн органга кызматкерлер сынак аркылуу тандалып алынып, кынтыксыздарга гана бул тармакта иштөөгө уруксат берилет. Белгилей кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык, Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлуп, анын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык түзүлдү. Бирок инспекторлордун иш алып баруу тартиби боюнча жобо бекитиле элек. Атын алмаштыруудан заты өзгөрөбү?