Патрулдук милицияга ИИМдин 61 кызматкери өтпөй калды

1093

Жаңы түзүлүп жаткан Патрулдук милиция кызматына 61 Ички иштер министрлигинин кызматкери тапшырып, сынактан өтпөй калды. Бул тууралуу маалымат Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын расмий сайтына жарыяланды. Мекеме сынактан өтпөй калган 102 кишинин тизмесин жарыялаган. Алардын арасында тартип коргоо органдарында азыр да иштеп жаткан кызматкерлер бар.

Белгилей кетсек, Бишкекте Патрулдук милиция кызматы түзүлөрүн Ички иштер министрлиги быйыл февралда кабарлаган. Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделери айтылган. Ал коомдук тартипке жана жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт.

Алгач бул долбоор 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаада ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республикалык деңгээлдеги реформа баштоо мүмкүнчүлүгү каралат. Жаңы мекемеге кызматкерлер сынак аркылуу кабыл алынып, алар кошумча окуудан өтөт. Патрулдук милициянын материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, айлыгы жогору болору айтылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.