Патрулдук милицияга кызматкерлер тандалууда (видео)

1175

Жаңы түзүлгөн Патрулдук милицияга кызматкерлерди тандоонун экинчи этабы башталды. Бул жолу тартип сактоо тармагында иштегиси келгендер дене тарбия боюнча нормативдерди тапшырышууда.

Сынак 3 бөлүктөн туруп, анда талапкерлер турникке тартынуу, 100 жана 3 чакырымга чуркоо боюнча даярдыктарын көрсөтүшүүдө. Тандоо туруна 1100 адам катышып жатат. Келечектеги инспекторлордун физикалык даярдыктары кандай?