Патрулдук милициянын курамы дагы толукталат (видео)

3159

Январь айынан тарта Патрулдук милиция кызматынын катары дагы толукталат. Учурда сынактын баардык түрлөрүнөн өткөн 235 кызматкер ИИМ Академиясында 3 айлык окууну аяктоо алдында турат. Жаңы жылдан тарта Бишкек шаарында жалпы 500гө жакын инспектор жол кайгуул жана коомдук тартипти камсыздашат.

Ал эми бул кызматка кабыл алуунун үчүнчү туру дагы аягына чыгып, тандалып алынган 183 адам кеңешмеден өткөн соң 3 айлык окууга жиберилет. 31-октябрдан тарта ишке кирген Патрулдук милиция кандай жетишкендиктери менен мактана алат?