Пенсионерлер Лунара Мамытовага чакырык жасады (видео)

622

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова  «пенсиядагылар алган акчасын чогултуп, чет өлкөгө чыгып эс алып келсе болот», деп карыларды шыктандырууга аракеттенди. Балким, Лунара айым 50 миңден 100 миң сомго чейин пенсия алган ардактуу эс алуудагы генералдарды, академиктерди, мурдагы президенттерди жана башка өзгөчө карыяларды айткандыр.

Бирок андайлар аз эле. Алтымыштын ары жагындагылардын көпчүлүгү — орточо алганда айына 5 миң сомго күн көрүп жаткандар. Андыктан Лунара Мамытова калың эл анын айткандарына кыжырданып жатканына терикпеши керек.

Ач бала ток бала менен ойнобойт демекчи дал ошол биздин коомдун каймактары деп эсептелгендер калкыбыз кандай күн көрүп жатканын көрүп-билбегендиктен кары-картаң, жетим-жесирлерибиз азыркыдай жашап жаткандыр.