Пенсияны чогултуп чет өлкөгө эс алып келүү мүмкүнбү? (видео)

808

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова ардактуу эс алуудагы карыяларды акча чогултуп, башка мамлекеттерге саякаттоого чакырды. Бул тууралуу өз оюн аткаминер карылар күнүнө утурлай социалдык баракчасында жарыялады. Жетекчи айымдын мындай сөзү кечээтен бери кызуу талкууланып, көпчүлүктүн кыжырдануусун жаратты.

Учурда Кыргызстандагы орточо пенсия 5 миң 500 сом болуп, бул акча карыялардын күнүмдүк муктаждыктары менен азык-түлүгүнө жетип-жетпей келет. Чет өлкөгө чыгуу үчүн кары-картаңдар пенсиясын канча жыл чогултушу керек?