Перуда автобус 150 метрлик жардан кулап, андагы 44 киши набыт болду

684

Перунун Оконья шаарына жакын Панамерикана-Сур бийик тоолуу трассасында автобус 150 метрлик жардан кулап, андагы 44 киши набыт болду. Курман болгондордун арасында бир нече бала бар. Ал эми жаракат алгандардын саны 23 кишиге жетип, алардын бир тобунун абалы оор деп бааланууда.

Маалыматтарга караганда, айдоочу унааны башкара албай калып, жолдун чекесине токтотууга аракет кылган. Бирок автобус жол тосмосун сүзүп өтүп, жардан ылдый кулаган.

Автобус тоонун алдында агып жаткан дарыяга бир аз жетпей түшкөн. Болбосо бул кырсыкта набыт болгондордун саны мындан дагы көп болмок экендиги белгиленүүдө.