Пхенчхандагы Олимпиада шаарчасында Кыргызстандын желеги желбиреди

1887

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарындагы Олимпиада шаарчасында Кыргызстандын желеги көтөрүлдү. Ага биздин өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар жана спортсмендери катышышты.

Белгилей кетчү нерсе, бүгүн Түштүк Кореяда 23-кышкы Олимпиада оюндары расмий түрдө башталды. Алгач эле спорттун кёрлинг жана трамплинден секирүү түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлгөн. Эртең болсо спорттун бир катар түрү боюнча таймаштардан кийин, Олимпиада оюндарына катышкан өлкөлөрдүн желектерин алып өтүү аземи өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан кышкы Олимпиада оюндарына лыжа спорту боюнча Евгений Тимофеев менен Тариэль Жаркымбаев катышат. 18 күндүк таймаштарда жалпысынан спорттун 7 түрү боюнча 102 комплект медаль ойнотулат.