Пианист Азамат Сыдыков Бишкектеги мектепке жардам берет (видео)

1408

Белгилүү пианист Азамат Сыдыков Бишкектеги мектепке жардам берүү үчүн Нью-Йорктун чок ортосунда концерт берет. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына жарыялады. Пианист бул үчүн Людвиг Ван Бетховендин чыгармаларын бир жыл бою аткарууну пландап жатыптыр. Иш-чарадан түшкөн каражат Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатына аспаттарды сатып алуу үчүн берилет.

Азамат Сыдыков окуу жайдын начар абалда экенин көрүп, талантын элге тартуулоо менен жардам берүүнү максат кылган. Бирок аталган музыкалык мектеп-интернаттын жетекчиси мекеме начар деген пикирге макул эмес экен.