Пираттык видео материалдарды эфирге чыгаргандар жазаланат (видео)

567

Теле эфирден уурдалган видео материалдарды көрсөткөндөр жазалана баштайт. Бул маселени жөнгө салган мыйзам өткөн жылы эле күчүнө кирген. Бирок анын аткарылышын ким көзөмөлдөп, эреже бузгандарды кайсы мекеме жоопко тартаары белгисиз эле. Убагында мыйзамды демилгелеген телерадио компаниялардын жетекчилери менен тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү бул маселени талкуулашты.

Эми мыйзамдын аткарылышын Маданият жана маалымат министрлиги көзөмөлдөй турган болду. Ал эми эреже бузгандарга Ички иштер министрлиги чара көрмөкчү.