Почта кызматкерлери ардагерлердин акчасына ээлик кылып алган деп шектелүүдө

1268

«Кыргызпочтасы» ишканасынын кызматкерлери согуш ардагерлерине мамлекеттен бөлүнгөн акчага ээлик кылып алган деп шектелүүдө. Буга байланыштуу прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду.

Маалыматтарга караганда, быйыл Жеңиш күнүнө карата Бишкек шаар башкармалыгы тарабынан Биринчи май районундагы ардагерлерге бир жолу берилүүчү жөлөк пулга 1 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Бирок «Кыргызпочтасы» ишканасынын кызматкерлери ал акчанын бир бөлүгүн жымырып алганы аныкталган. Учурда УКМК териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.