Поезд тебелеп, эки бутунан ажыраган Тилек (видео)

1222

Жаңы жылга беш мүнөт калганда поезд тебелеп, эки бутунан ажыраган 25 жаштагы Тилек Жумабеков жардамга муктаж. Ал 31-декабрда Чүй областынын Кемин районунда “Жел-Арык-Быстровка” каттамы менен жүргөн поезддин алдында калган. Жабырлануучунун айтымында, ал мас кишини куткарам деп жатып өзү кырсыктаган.

Ал эми Ички иштер министрлиги тараткан маалымат боюнча, ал рельсте жалгыз бараткан учурда поезд тебелеп кеткен. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда. Жабырлануучу учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий илиздөө борборунда дарыланууда.