Погончондордун жосунсуз жоруктары (видео)

742

Ошто криминалдык милиция кызматынын жетекчисине кол көтөргөн кызматкерге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош областык прокуратурасы кабарлады. 3-июнда милициянын полковниги кол алдындагы кызматкер тарабынан өз иш бөлмөсүндө сабалган. Ооруканага кайрылган жетекчи анча оор эмес жаракат алганы аныкталган. Маалыматка караганда, кылмыш иш козголгонуна байланыштуу экөө тең иштен убактылуу четтетилди. Белгилей кетсек, соңку мезгилде укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жүрүм-туруму коомчулук тарабынан катуу сынга алынып, милиционерлердин өздөрү тарабынан тартип бузуулар көп болуп жатканы тартылган видеолор интернетте жарыяланууда.