Полиэтилен баштыктарын колдонууга тыюу салуу керек! (видео)

1357

Кыргызстанда полиэтилен баштыктарын өндүрүп чыгарууга жана аларды чет өлкөдөн ташып келүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу мыйзам долбоорун Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги демилгелеп жатат. Документ учурда өкмөттүн кароосуна жөнөтүлүп, коомдук талкууга чыгарылган. Экологдор бул сунушту кош колдоп колдошууда. Себеби целлофан баштыктар жүздөгөн жылдап сакталып тура бергендиктен, жаратылышка абдан олуттуу зыян алып келет. Андыктан эксперттер, полиэтилен баштыктардын ордуна — кагаз баштыктарга өтүү зарылдыгын айтышууда. Анан да бул баштыктарды тыштан ташып отурбай, Кыргызстандан эле чыгарганга да оңой болот экен.