Полковник катышкан жол кырсыгынын кесепеттери (видео)

2612

Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков катышкан жол кырсык боюнча кылмыш ишиндеги жагдайлар ачыкталбай жатат. Тергеп жаткан УКМКдан маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Ал ортодо, бир ай мурда катталган кырсыкта каза тапкан Рыспек Апиевдин жубайы дагы кайгыдан чыга албай жүрүп үч күн мурда көз жумду.

Жакындарынын айтымында, ал жолдошу каза болгондон кийин ден-соолугу кескин начарлап, баш мээсине кан куюлуп кеткен. Белгилей кетсек, авария декабрдын башында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда катталган. Анда каршы тилкеге чыга калган делген унааны милициянын полковниги башкарып бараткан.