Полковниктер 30 кг гашишти кайда сатмак? (видео)

10314

Быйыл күз айларынан тарта бардык милиционерлер полиграфтан өткөрүлүшү мүмкүн. Мындай сунуш учурда иштелип жаткан Коррупцияга каршы саясаттын стратегиясы долбоорунда каралууда. Адистердин айтымында, мындай демилгеге былтыр 100дөй милиция кызматкеринин ар кандай кылмыштарга айыпталып, кармалышы себеп болгон.

Ал арада, жакынкы күндөрү эле ири көлөмдөгү маң заттарын жүгүртүүгө шектелип, ички иштер органдарында жогорку кызматтарды аркалаган бир нече офицер кармалды. Айрымдары баңги затын катып алып сатып жүрсө, кээ бири 30 килограммдан ашык нашааны коштоп баратканы айтылууда.