Полковниктин мас уулу 17 жаштагы кыздын өлүмүнө себепкерби? (видео)

911

Акыркы 4 күн аралыгында эле өлкөдө 15 жол кырсыгы катталып, аларда 8 адам набыт болду. Жол сакчылардын айтымында, эң көп авария Жалал-абад областында катталган. Ошондой эле, Ысык-Көлдө да жол кырсыктары болуп, анда инспекторлорго баш ийбей качкан айдоочу унаасы менен оодарылып кетип, жыйынтыгында бир жүргүнчү каза тапкан. Ошондой эле, өткөн ишемби күнү Бишкекте мас айдоочунун кесепетинен 17 жаштагы кыз набыт болду. Айрым маалыматтарга караганда, шектүү буга чейин укук коргоо органдарында иштеп келген.