Полковниктин сырдуу өлүмү боюнча чыр-чатак уланууда (видео)

1788

Ошто киши колдуу болгон милициянын полковники Таирбек Уларовдун жакындары бул иш боюнча чечим чыгарган сотторго жана прокуратурага нараазы болушуп, президенте даттанышты. Эскерте кетсек, былтыр Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн кызматеринин жансыз денеси өз машинасында табылган болчу. Кылмышка шектүү деп 4 адам кармалып, 2 киши Ош шаардык сотунун чечими менен 23 жана 7 жылга кесилген. Бирок айыпталуучу тарап тартип сакчылар күч колдонуу менен күнөөнү мойнуна алдырышканын айткан. Натыйжада, Башкы прокуратура Ички иштер министрлигинин бир нече кызматкерине кылмыш ишин козгогон. Ал арада маркумдун жакындары айыпталуучулар жазадан кутулуунун амалын издеп жатат дешүүдө.