Порошенко, Меркель жана Макрон Орусия президенти менен жолугушууга даярданууда

804

Украина президенти Петр Порошенко Франция жана Германия лидерлери менен бирге “Норманд төрттүгүнө” даярдануу боюнча макулдашты. Иш-чара Парижде өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу ал 10-майда Германияда Ангела Меркель жана Эммануэль Макрон менен болгон жолугушуудан кийин маалымдады.

«Норманд форматындагы” жолугушууну жакын арада өткөрүү үчүн керек болгон кадамдарды макулдаштык «, – деп белгиледи Порошенко.

Анын айтымында, тараптар Крымды аннексиялаганы үчүн Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү ыктымалын, барымтадагыларды бошотуу жана тынчтык орнотуучуларды киргизүү маселелерин талкуулашты.

9-10-майда Украина президенти Германияга жумуш сапары менен барды.

Майдын соңунда Франция жана Германия лидерлеринин Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуусу пландалган.