Православ чиркөөсү жаңыланууда (видео)

2865

Бишкекте Православдардын Ыйык Воскресенский чиркөөсүндөгү оңдоп-түзөө иштери үзгүлтүккө учурап калышы ыктымал. Бул тууралуу аталган ыйык жайдын өкүлдөрү билдиришти. Айтымдарында, учурда кайрымдуулук менен чогулган каражат реконструкция иштерин бүтүрүүгө жетишсиз болууда.

Андыктан 2 жылдан бери уланып келе жаткан имаратты жасалгалоо иштери аягына чыгабы деген суроо курч турат. Ал арада Россиядан чакыртылган адистер өз иштерин улантышууда.