Православ христиандары «Крещение» майрамын белгилешүүдө (видео)

711

Православ христиандары «Крещение» майрамын белгилеп жатышат. Өлкөнүн ар кайсы аймагында диний жөрөлгөлөр жасалууда. Кыштын ызгардуу суугуна карабастан Воронцовка айылындагы сууга чөмүлүп чокунуучу жайга эртең менентен тарта эле киши жык-жыйма чогулган. Анда чоң-кичине дебестен бардыгы муздак сууга түшүп жатышты. Бирок суукка карабастан бул күнү сууга чөмүлгөндөр арасында ооруп калгандар болгон эмес, дешет келгендер. Ошондой эле, чокундуруу майрамы күнү бүт жердеги суу тазарып, ар кандай дартка даба болот деген ишенимдер бар.