Премьер ИИМ башчысына Бурулайдын атасы менен жолугууну тапшырды

863

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бурулайдын атасы менен жолугуп, экспертизанын корутундусун талдап чыгуу тапшырмасын берди. Бул тууралу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, премьер-министр Жунушалиевге Бурулайдын атасы Турдалы Кожоналиевге жолугуп, анын жүйөөлөрүн угуп, соттук-медициналык экспертизанын корутундусун ийне-жибине чейин карап чыгууну тапшырды. «Премьер 19 жаштагы Бурулайдын өлүмү боюнча кылмыш иши анын жеке көзөмөлүндө турганын билдирип, бул ишти аягына чыгарууну убадалады. Кыздын өлүмүнө шектүү 30 жаштагы киши менен бирге бардык күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жазаланат», — деп өкмөт башчы билдирген.

Эске салсак, 28-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн. 20-июнь күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

Ал эми кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында жалпысынан 23 кызматкер жоопко тартылып, анын 5и кызматтан кетирилип, 8 кызматкер иштен алынган. Жети кызматкер кызмат ордуна туура келбей турганы аныкталса, калгандарына дисциплинардык жаза берилген. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлгөн. Андан сырткары Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлерине карата «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.