Премьер менен спикерди бюджеттин эсебинен багуу сунушу сын пикирди жаратты

621

Мурдагы премьер-министр менен Жогорку Кеңештин төрагаларын өмүр бою бюджеттин эсебинен багууну сунуштаган депутат Мирлан Бакиров бул ниетинен баш тартты. Буга коомчулук тарабынан айтылган катуу сын пикирлер себеп болду. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин сайтына илинген.

Документте экс-премьер-министрлер жана Парламенттин мурдагы спикерлери өмүрүнүн акырына чейин мамлекеттен маяна алып, кызматтык үйдө жашап, атайын транспорт жана жан сакчылар менен камсыздалат деп жазылган.

Ошондой эле, алардын өлкө ичиндеги жана чет мамлекеттерге болгон сапарларына кеткен чыгым бюджеттен төлөнүп, мурдагы өкмөт башчы спикерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө чейин санаториялык жана атайын медициналык кызмат көрсөтүлмөк.

Белгилей кетсек, өлкө эгемендүүлүгүн алгандан бери Жогорку Кеңешти 17 төрага башкарса, өкмөттү 30 дай премьер-министр жетектеген. Алардын баарын мамлекеттин эсебинен өмүр бою багуу акылга сыйбаган иш дегендер көп болду.

Демилгечи Мирлан Бакиров мыйзам долбоорун эл туура эмес түшүнүп калганын айтып, документти артка чакыртып алганын айтты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.