Премьер-министр Айбек Калиевди жумуштан кетирүү чечимин кабыл алды

751

Премьер-министр Улуттук энергохолдингтин жетекчиси Айбек Калиев менен «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаевди жумуштан кетирүү чечимин кабыл алды. Буга Калиевдин коомчулукка, депутаттарга Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыктын себептерин жана модернизациялоо боюнча жеткиликтүү түшүндүрүп бере албай койгону себеп болгон.

Айбек Калиев Улуттук энергохолдингтин башчылыгына 2016-жылы январь айында дайындалган. Ага чейин энергетика министринин орун басары болуп иштеп келген. Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев өткөн жумада УКМК тарабынан камакка алынган. Ал Бишкек жылуулук борборун оңдоп-түзөө үчүн бөлүнгөн каражаттын уурдалышы боюнча айыпталууда.