Премьер-министр Кубатбек Боронов жарандарды добуш сатпоого чакырды

2835

Өкмөт 4-октябрдагы парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Анда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери баяндама жасашты.

Жыйында электр энергиясы, Интернет, өрт коопсуздугу жана санитардык чаралар боюнча иштер аткарылып жатканы белгилүү болду. Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавируска байланыштуу санитардык эрежелерге көңүл бурулушу керек экенин белгилеп, тартип бузган партияларга Саламаттык сактоо министрлиги эскертүү берүүгө тийиш экенин билдирди.

«Алдыбызда шайлоону заманбап технологияларды пайдалануу менен ачык жана таза өткөрүү милдети турат. Жарандар эркин көрсөтүшү үчүн бардык шарттар түзүлүш керек. Коронавирус инфекциясынын пандемиясын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык чараларга өзгөчө көңүл буруш керек», — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле өкмөт башчы жарандарды добушун сатпоого чакырды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.