Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарына келди

643

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына келди.

КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны тар жана кеңейтилген чөйрөдө өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Мындан тышкары Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.