Премьер-министр өлкөдөн чыгарылган миллиондорду териштирүүнү тапшырды

788

Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион доллар тууралуу маалымат тиешелүү органдарда 5 жыл мурда эле болгон. Бул тууралуу өкмөттө өткөн кеңешмеде айтылды. Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаевдин билдирүүсүндө, «Азаттыктын» иликтөөсүндө сөз болгон акча чыгарып кетүү фактылары боюнча мекеменин корутундусу 2014-жылы эле Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.

Эки жылдан кийин ошол эле документ Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш кызматына өткөрүлгөн. Бирок ал корутундунун мазмуну ачыкталган жок. Акча кимдерге таандык экени, аны чет өлкөлөргө которууда мыйзам бузуулар болгонбу деген суроолор азырынча жоопсуз калууда. Чалгындоо кызматы менен Финансы полициясы бул боюнча кайрадан иликтөөгө киришкен. Премьер-министр ишти тездетүүнү тапшырды.

Журналисттик иликтөөдө 2011-2017 жылдары Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон долларга бир тууган Матраимовдордун тиешеси болушу мүмкүн экени айтылган. Эгер фискалдык органдарда бул каражаттар тууралуу маалымат 5 жыл мурда эле болсо, эмне үчүн анда чара көрүлгөн эмес? Чалгындоо кызматы текшерип корутунду чыгарган соң деле 2014-жылдан кийин дагы миллиондорду чет өлкөлөргө которуу улантылганы эмнеден кабар берет, деген суроолор жаралууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.