Премьер-министр Сапар Исаковдун кезектеги калпы (видео)

1985

Премьер-министр Сапар Исаков жалган маалымат таратканы үчүн тезинен отставкага кетиши керек! Мындай талапты Жогорку Кенештин депутаттары коюшту. Өкмөт башчысы бүгүн Ысык-Көл областында жергиликтүү актив менен жолугушуу учурунда Казакстандык ишкер Россияда 25 миллион доллар менен кармалганын айтып, аны оппозициялык кандидатка байланыштырууга аракет кылган. Анын бул айткандары интернет сайттарынын бирине чыгып, бирок көп өтпөй өчүрүлдү. Ал эми Сапар Исаков Россияда кармалды, деген Кайсар Абылкасымов билдирүү жасап, өкмөт башчынын калпын чыгарды. Казакстандык ишкер камакка алынбаганын жана ири суммада акча которуп жүрбөгөнүн айтты. Коомчулукка жалган маалымат тараткан премьер-министр мындай чоң кызматта калууга укугу жок, дешет депутаттар.