Премьер-министрдин бажасы «Мегакомдун» жетекчисин коркутканбы? (видео)

647

НТС Парламентте премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиевге карата кылмыш ишин козгоо талап кылынды. Жогорку Кеңеште “КТ Мобайл” компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өтүп, анда «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жаманкулов, «Иманкадыр Рысалиев өкмөткө чакырып алып, коркутуп-үркүткөнүн жана «акча котор» деп мажбурлаганын билдирди.

Иманкадыр Рысалиев акыркы жаңжалдардан кийин “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басарлыгынан кеткен 24 жаштагы Эрназар Иманкадыр уулунун атасы, өкмөт жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууган бажасы. Эч кандай мамлекеттик кызматты аркалабайт.