Президент 154 адамга мамлекеттик сыйлык тапшырды (видео)

1018

Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын ээлери өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондор кесиптик ишмердүүлүгүндө чоң жетишкендиктери бар инсандар. Президент Сооронбай Жээнбеков аларга сыйлыктарды тапшырып жатып, ар бир адамдын өлкөгө сиңирген иши көз жаздымда калбаш керектигин баса белгиледи.

Сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн көпчүлүгү өз эмгектери менен кыргызстандыктарга таанымал болуп калган маданият, саясат, экономика, саламаттыкты сактоо тармактарынын өкүлдөрү. Мындан тышкары, аймактарда чакан уюмдарды ачып, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылган ишкерлер дагы бар.