Президент 5 өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарын алды (видео)

616

Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана жогорку деңгээлдеги тышкы саясий мамиле. Президент Сооронбай Жээнбеков Украина, Индия, Куба, Словакия жана Ливандын элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алды. Мамлекет башчысы элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, алардын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошоруна ишенимин билдирди.

Ошондой эле, ар бир элчи менен сүйлөшүүдө президент Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу өз ара кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.