Президент Апрель революциясынын катышуучулары менен жолугушту

866

«Үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөштүн башатында турган адам катары 2010-жылдын апрелиндеги жеңиш кандай оорчулук менен келгенин билем. Андыктан президент катары мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербеймин». Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков апрель элдик революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушууда билдирди.

Иш-чара 7-апрелде курман болгон баатырлардын элесине арнап куран окуу менен башталды. Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин башынан бир катар сыноолор өткөнүнө карабастан, майтарылбас эркин көрсөтө алганын баса белгилеп, «7-апрелде биз курман болгондорду эстейбиз жана үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кыйрашын, эркиндиктин салтанатын майрамдайбыз», деп айтты.

Ошондой эле мамлекет башчысы өлкөдө парламенттик демократияны өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи. Жолугушууда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү, коррупцияга каршы күрөш, парламенттик демократияны чындоо жөнүндө пикир алмашуу болду. Жолугушуунун катышуучулары өлкө кайрадан үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кучагында калбаса экен деген кооптонууларын да билдиришти.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп турганда үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кайталанышына жол бербей турганын билдирди.