Президент аскер кызматкерлерин Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады

1535

Биз ар дайым аймактык бүтүндүктү жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого даяр болушубуз керек. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын аскер кызматкерлерин өлкөнүн Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө аскер — мамлекеттин ажырагыс атрибуту жана таянычы экенин жана биздин жаш республикабыз үчүн Куралдуу Күчтөрдү калыптандыруу оңой-олтоң болбогонун белгиледи. Акыркы жылдарда Аскерге болгон мамиле жакшырды. Бул Куралдуу Күчтөрдүн жетишкендиктери менен байланыштуу.

«Кыргызстандын азыркы аскери алдыга коюлган бардык милдеттерди татыктуу аткарат деп ишенем», —  дейт президент өз куттуктоосунда.