Президент аткаминерлердин калпын чыгарды (видео)

10924

10 күн ичинде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жоюлат. Учурда тийиштүү жарлык даярдалып жатканын президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.
Өлкө башчы Финансы полициясы да көптөгөн даттануулардан кийин жоюлганын айтып, укук коргоо органдарынын ишкерлерди ашыкча текшергенин сындап, акыркы убактарда бизнесмендерге карата көптөгөн кылмыш иштери козголуп жатканы тууралуу маалымат түшүп жатканына нааразы болду. Мындан ары бизнестин таламын талашып, укугун коргоо милдети Башкы прокуратурага жүктөлөт.