Президент Баланын укуктарын коргоочулар Лигасынын директорун кабыл алды

716

Президенттин Аппаратынын алдында интернат тибиндеги балдар мекемелери системасын реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлөт. Анын курамына коомдук уюмдардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирет. Сооронбай Жээнбеков «Баланын укуктарын коргоочулар Лигасы» коомдук уюмунун директору Назгүл Турдубекова менен жолугушту.

Мамлекет башчысы балдардын үй-бүлөдө чоңоюу укугун камсыз кылуунун маанилүү экенин белгиледи. «Биз балдар үйлөрүндөгү жана интернаттардагы таштанды балдарга, ошондой эле жакындары карылар үйүнө таштап кеткен улгайган адамдарга байланыштуу кырдаалды терең иликтейбиз. Деги эле кыргыз эли эч убакта өз балдарын жана ата-энелерин таштаган эмес. Тескерисинче, чоң жоопкерчилик менен аларга камкордук көргөн. Биздин эң башкы милдеттерибиздин бири — бул ар бир баланын өз үй-бүлөсүндө чоңоюп, тарбияланышына жетишүү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өз кезегинде, Назгүл Турдубекова үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча 10 жылдык Улуттук программаны колдогону үчүн мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди. Бул документ Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн премьер-министри болуп турганда кабыл алынган. «Бул программа Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу болооруна ишенебиз. Күн сайын интернат тибиндеги жаңы балдар үйлөрү ачылып, коррупциялык схемалардын пайда болуусуна жол берилүүдө», — деди Назгүл Турдубекова.

Белгилей кетсек, Турдубекова бул маселени Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн жарандык коомунун өкүлдөрү менен 2018-жылдын 19-июлунда өткөн жолугушуусунда айткан эле.