Президент бардык тараптарды бириктирүү үчүн экс-жетекчилер менен жолугушат

838

20-ноябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жана парламенттин мурдагы башчылары менен жыйын өткөрөт. Бул тууралуу өлкө жетекчиси Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енча менен жолугушууда айтты.

Президент мурдагы жетекчилер менен жолугушууну бардык тараптарды бириктирүүгө болгон жаңы практика деп белгиледи. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Мирослав Енчага этникалар аралык мамилелерди бекемдөө, аймактарды өнүктүрүү, коррупция менен күрөшүү, 2018-2040-жылдарга карата Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары президент жаз айларында Кыргызстанда Донорлор конференциясы өтөөрүн айтып, ага БУУнун жогорку өкүлүн чакырды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.