Президент белекке жолборс алды (видео)

5603

Эки жыл күттүргөн майрам. Былтыр пандемияга байланыштуу өтпөй калган Президенттик балаты өзгөчө шаңда уюштурулду. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 8ден 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылган.

Алар мыкты окугандар, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, Кичи жана Улуу Памирдеги этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарында иштегендердин, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскерлердин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөр дагы чакырылган.