Президент Бишкек жылуулук борборундагы абалды талкуулады

793

Мындай окуя кайталанбаш учун, стратегиялык объекттеги кырсыктын себептерин терең изилдеп чыгуу керек. Мындай тапшырманы президент Сооронбай Жээнбеков койду. Бүгүн өлкө башчысы премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушуп, жылуулук борборундагы абалды талкуулады.

Президенттин айтымында, шаардыктарга жылуулук берүүнүн үзгүлтүккө учурашы боюнча иликтөө жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы керек. Өлкө башчы ТЭЦтеги абалды өз көзөмөлүнө алганын билдирип, калаа тургундары жакын арада жылуулук менен камсыз болушу керектигин айтты.

Президент калкка электр энергия менен жылуулукту үзгүлтүксүз берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле, социалдык мекемелердеги көйгөйлөрдү чечүүнү буйруду.