Президент Чемпионатта жеңишке жетишкен Валентина Шевченкону куттуктады

876

Президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Валентина Шевченкону Канаданын Торонто шаарында өткөн абсолюттук мушташ чемпионатында жеңишке жетиши менен куттуктады:

«Кыргызстан сиз менен сыймыктанат. Мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү UFC боюнча аялдар арасында чемпиондукту жеңип алган алгачкы спортчу катары жаштарыбызга үлгү болдуңуз. Мелдештерде мындан ары дагы ийгиликтерди каалайм. Ыңгайлуу учурда мекениңизге келип кетүүгө чакырам», — деди мамлекет башчысы.

Валентина Шевченко Канадада өткөн UFC 231 мелдешинде польшалык Джоанна Енджейчикти жеңип, жеңил салмакта абсолюттук мушташ чемпионатында чемпион деген наамга жетишти. Валентина Шевченко 57 килограмм салмакта UFСтин чемпиондук наамы үчүн ат салышкан.

Эске салсак, Валентина Шевченко менен Джоанна Енджейчиктин ортосундагы  беттешүү Торонто шаарында өткөрүлдү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.