Президент чет өлкөлөрдө эмгектенген мекендештер менен жолугушту

643

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен маектешүү учурунда жолугушуунун катышуучулары алардын демилгесин колдогону үчүн ыраазычылык билдиришти, аймактардын, бүт өлкөнүн экономикасына инвестиция алып келүү боюнча пландары тууралуу айтып беришти.

Россияда «Өлүмдөн сактап калганы үчүн» медалы менен сыйланган мекендешибиз Марат Исаев миграциялык каттоо боюнча маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Россиядагы жеке ишкер Толкунбай Акматов ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мигранттарды медициналык жактан камсыздандыруу жана пенсия төлөмдөрү боюнча маселелерди көтөрдү.

Россиядагы жеке ишкер Бакыт Абдыкадыров жеңил өнөр жайын өнүктүрүүдө жаңы технологияларды колдонууну киргизүү жана тигүүчүлүк бизнесин жаңы деңгээлге көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

Ишкерлердин эл аралык ассоциациясынын президенти Акбар Маразыков эмгек мигранттары Кыргызстанда ачып жаткан ишканаларга салык төлөмдөрү жана фискалдык текшерүүлөр боюнча жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчүн айтты.

Оз кезегинде Сооронбай Жээнбеков миграцияны азайтуу үчүн аймактарды өнүктүрүп, кайра иштетүү ишканаларын ачып, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу зарылчылыгын белгиледи. Ал мамлекеттик банктар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду, Кепилдик фонду региондордогу ишкерлер менен тыгыз иштешип, аларга жеңилдетилген насыяларды берип жатышканын эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков суроолорго жооп берип жатып, айтылган маселелер боюнча өкмөт жана парламент тиешелүү жумуштарды аткарып жатканын белгиледи.