Президент дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага үй белек кылды (видео)

1721

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жаңы өргөлүү болду. Балбан кызга 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын президент Сооронбай Жээнбеков өзү тапшырды. Мамлекет башчы спортчу менен катар эле анын ата-энеси жана машыктыруучусу менен да жолугуп, акчалай сыйлык жана эңчилуу сааттарды белек кылды.

Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн мелдеште биринчи орунду ээлеп, Кыргызстандын тарыхында эң алгачкы дүйнө чемпиону болушу менен куттуктады. Эми спортчу Олимпиада оюндарында жеңишке жетишсем дейт.