Президент элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алды (видео)
1445
Президент Сооронбай Жээнбеков беш өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Алар Мексика, Канада, Эстония, Финляндия жана Кувейт мамлекеттери. Мамлекет башчысы элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, алардын жеке аракеттеринен өлкөлөрдүн мамилеси көз каранды экендигин билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир элчи менен түрдүү тармактарда кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашты. Ал Кыргызстан достук мамилелерди өнүктүрүүгө, кызматташтыкты бекемдөөгө, соода-экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө зор маани берээрин белгиледи.