Президент эне тилди өнүктүрүүнүн беш кадамын сунуштады (видео)

527

Кыргыз тили — мамлекет көз карандысыздыктай корголушу керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тил макамынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүү тилчилердин гана эмес, үй-бүлөдөн тартып, коомдук бардык институттардын милдети. Президент тил маселесинин өзөгү өзүбүздүн жоопкерчиликсиз жана кайдыгер мамилебизде болуп жатканын кошумчалады.