Президент илимпоздорго мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (видео)

934

«Билим жана илим мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүн камсыз кылган негизги фактор болушу керек». Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков илим жана техника жаатында мыкты жетишкендерге ээ болгон 11 окумуштууга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди. Иш-чарага медицина илимдеринин доктору Олжобай Жумагулов, медицина илимдеринин кандидаттары Алмазбек Ботбаев, Марта Дикамбаева, Валентина Усенко, Азизбек Эшмамбетов чакырылган.

Аларга “Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» деген наам берилди. Мындан сырткары, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков жана анын шакиртине Касым Тыныстанов атындагы сыйлык берилди.