Президент: Индира Жолдубаева кызматынан бошотулсун (видео)

1150

Бүгүн парламент башкы прокурор Индира Жолдубаевага ишеним көрсөтпөө боюнча маселени карайт. Кечээ Жогорку Кеңештин тармактык комитети көзөмөл органдын жетекчисин кызматтан алуу тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун сунуштамасын бир добуштан колдоду. Тиешелүү документте Индира Жолдубаеванын ишмердүүлүгүндөгү бир катар кемчиликтер жазылган. Алсак, күнөөсүз адамдардын соттолуп кеткени боюнча бир да кызмат адамынын жоопкерчиликке тартылбаганы антикоррупциялык чараларды координациялоо боюнча милдетти аткарбай койгону жана былтыркы жылкы отчеттогу кемчиликтер жоюлбаганы жүйөө катары келтирилген.