Президент инфляциянын деңгээлин ооздуктоо боюнча чара көрүүнү тапшырды

932

Президент ички валюталык рыноктогу абалга кылдат көз салууну жана инфляциянын деңгээлин ооздуктоо боюнча чара көрүүнү тапшырды. Бүгүн өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды. Анда башкы банкир накталай эмес эсептөөгө өтүү программасы боюнча үчүнчү баскыч ишке ашып жатканын билдирди.

Кубанычбек Кулматовдун айтымында, бүгүнкү күнү дээрлик баардык мамлекеттик жана муниципалдык органдар маянаны банк карталарына которуу системасына өтүштү. Буга байланыштуу аймактарда акча каражаттарын накталай алуу жана тейлөө кызматтарына төлөө боюнча кыйынчылыктар байкалууда. Президент бул мүчүлүштүктөрдү жоюуну тапшырды.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков Улуттук банкка кайра иштетүү тармагына насыя берүүнүн көлөмүн көбөйтүү милдетин койду. Мындан тышкары, ар кандай спекуляциялардын жана улуттук валютанын алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн болтурбоо максатында ички валюталык рыноктогу абалга жакшылап көз салып, инфляциянын деңгээлин ооздуктоо боюнча тиешел чараларды көрүүнү тапшырды.