Сооронбай Жээнбеков эртең маалымат жыйын өткөрөт

586

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы болуп шайлангандан бери биринчи жолу журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, жыл жыйынтыгын чыгарат. Бул тууралуу президенттик аппараттын өкүлдөрү билдиришти.

Басма сөз жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында 19-декабрда өтөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) көрсөтүлгөн талапкер Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Ошол жылдын 24-ноябрында кызматына расмий киришкен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.